Кыргызстандын 4 жараны Казакстандын Актөбө облусунда болгон жол кырсыгында каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда REGNUM маалымат агенттиги жазып чыкты.
Алардын маалыматына караганда, жол кырсыгы бүгүн, 16-январда Самара-Шымкент жолунда катталган. “LADA 21 070” үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу жолдун тайгалактыгынан улам, рульга ээ боло албай, каршы тилкеде келаткан машина менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен айдоочусу менен 3 жүргүнчү каза болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ