Menu

Максим Бакиевдин, Алексей Елисеевдин жана Сергей Кимдин камакка алынган объектилеринин тагдыры эмне болду?

Бөлүшүү:

Мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик фонддун сайтында Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин (ор.- ЦАРИИ) экс-директору М.Бакиевдин, анын мурдагы орун басары А.Елисеевдин жана “КыргызКредитБанк” ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы С.Кимдин конфискацияланган объектилеринин бардыгы мамлекеттик мүлк катары пайдаланууга берилгени жөнүндө маалымат берилет.

Жалпы-жонунан 122 объект камакка алынган эле:

  1. административдик имарат – 6;
  2. көп батирлүү үй -1;
  3. жер үй -14;
  4. батирлер – 11;
  5. киши жашабай турган жайлар (склад, завод, комбинат, гараж, цех ж.б.у.с.);
  6. жер тилкелери -19;
  7. бала бакча -2 ;
  8. коттедждер – 5;
  9. автоунаалар – 30 (алардын 14 автоунаасы көрсөтүлгөн тартипте баланстан чийилген);
  10. учак – 1;
  11. акциялар – 6 чарбалык коомдуку.

Максим Курманбекович Бакиевдин мүлкү

Бишкек шаарынын Жибек Жолу көчөсү, 521 дарегинде жайгашкан жер үйү болгон. 2013-жылдын 2-августундагы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча чечим чыккан. Үй күйүп кетип, жашоого мүмкүн болбой калган. 2015-жылдын 9-январындагы № 4 жана 2015-жылдын 28-январындагы №23 буйруктары менен мамлекеттик менчикке алынган. 2015-жылдын 20 апрелиндеги №110 жана 2015-жылдын 18 июнундагы буйруктар менен КРнын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Алексей Елисеевдин мүлкү

Бишкек шаарынын Табышалиев көчөсү, 15 дарегинде жайгашкан жер үйү болгон. 2013-жылы 6-июнда Ош шаардык соту тарабынан мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча чечим чыккан. Үйдүн абалы канааттандырарлык. Фонддун 2015-жылдын 21-апрелиндеги жана 2015-жылдын 18-майындагы буйрцуктары менен мамлекеттик менчикке алынган. 2019-жылы 29-апрелде Фонддун №140 буйругу менен КРнын Жогорку Сотунун алдындагы Сот департаментинин башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма айылы, 113, кв1 дарегинде жайгашкан үйү болгон. 2013-жылдын 6-июндагы Ош шаардык соту тарабынан мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча чечим чыккан. Үй капиталдык ремонтко муктаж. 2015-жылдын 10-июндагы №161 жана 2015-жылдын 9-июлундагы №201 буйруктар менен мамлекеттик менчикке алынган. 2016-жылдын 25-майындагы №232 жана 2016-жылдын 25-июнундагы буйруктар менен Таш-Көмүр шаарынын ШИИБисинин башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы “Кубик-Рубик” коттеджи болгон. 2013-жылдын 6-июндагы Ош шаардык соту тарабынан мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча чечим чыккан. Абалы канааттандырарлык. 2015-жылдын 9-июлундагы №202 жана 2015-жылдын 18-августундагы №259 буйруктар менен мамлекеттик менчикке алынган. Фонддун 2018-жылдын 21-майындагы №133 буйругу менен “Витязь” мамлекеттик пансионатынын чарбасына өткөрүлүп берилген.

Бишкек шаарынын Семашко көчөсү, 5, кв.14 (Мечит районунда) дарегинде жайгашкан батири болгон. 2013-жылдын 6-июндагы Ош шаардык соту тарабынан мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча чечим чыккан. Батир капиталдык ремонтко муктаж. 2016-жылдын 11-январындагы №9 жана 2016-жылдын 14-январындагы буйруктар менен мамлекеттик менчикке алынып, КРнын Жогорку Сотунун алдындагы Сот департаментинин башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

“АльфаТелеком” ЖАКынын акцияларына ээ болгон. 2013-жылдын 6-июндагы Ош шаардык соту тарабынан “АльфаТелеком” ЖАКынын 51% акциясы толугу менен мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча чечим чыккан. Мамлекеттик менчик укугу Мамкатоодо катталган. Кыргыз өкмөтүнүн мүлк фондусу тарыбынан башкарылат.

“Таш-Көмүр Силикон Инвестмент” ЖАКынын 100% акциясына ээ болгон. 2016-жылдын 21-сентябрында Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча чечим чыккан. Кыргыз өкмөтүнүн мүлк фондусу тарыбынан башкарылат.

Сергей Вячеславович Кимдин мүлкү

Бишкектин Москва көчөсү, 121, кв 34 дарегинде жайгашкан батири болгон. 2013-жылы 2-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча чечим чыккан. Батир канааттандырарлык абалда. Фонд тарабынан батирде жашап жаткан тараптарды чыгаруу боюнча сотко доо-арыз жазылган. 2016-жылдын 12-майында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2016-жылдын 17-фералындагы чечими өзгөртүүсүз калтырылган. Фонд кайрадан Бишкектин Биринчи май райондук сотуна аткаруу баракчасын берүү жөнүндө өтүнүч келтирген (2016-жылдын 21-октябры). Фонд сот аткаруучулар менен бирдикте жашаган тараптарды батирден чыгарышкан. 2015-жылдын 2-июнундагы №148 жана 2015-жылдын 31-июлундагы буйруктар менен батир мамлекеттик менчикке өткөн.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы “Куб” коттеджи болгон. 2013-жылы 2-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча чечим чыккан. Коттедждин абалы канааттандырарлык. 2015-жылдын 7-сентябрындагы №295 жана 2015-жылдын 12-октябрындагы №338 буйруктары менен мамлекеттин менчигине өтүп, “Витязь” мамлкеттик пансионатынын чарбалык карамагына өткөрүлүп берилген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: