Menu

Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Уюштуруу комитетинин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри бекиди.

Ал эми уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары катары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү бекитилди.

Уюштуруу комитетине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды.

Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлгөн.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен зарыл болгон финансы каражаттарын бөлүп берүүнү караштыруу тапшырмасы берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: