Menu

Балатылар эртенден баштап алынат, ага канча чыгым кетип, канчасы сарпталган?

Бөлүшүү:

Бишкектеги жаңы жылдык балатылар 20-январдан баштап алынат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, борбор калаабыздагы жаңы жылдык балатылар эртенден баштап алынат. Аны менен катар муниципалитет майрамдоого канча чыгым кеткенинин жыйынтыгын чыгарган. Жаңы жылдык кооздоого корогон акча 5,4 миллион сомго жеткен. Мэрия баарын өз күчү менен жасоого аракеттенип, майрамдык такталарга Капиталдык курулуш башкармалыгы 826 миң сом сарптаган. Бөлүнгөн акча декорациядан тышкары, шоу-программаларга жана башка иш-чараларга да сарпталган. Инсталляция “Бишкекжарык” ишканасынын цехинде жасалып, башкы балаты 960 миң сомго турганы менен былтыркыга караганда 1,4 миллионго арзан турган.

Ошондой эле, мэрия жаңы жылдык кооздуктар, конструкциялар сакталып, эмдиги жылы да колдонууга берилээрин билдирди.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: