Menu

Атамбаевдин тарапташы Темирлан Султанбеков КСДПдан чыгам деп, кайра эмнеге чыкпай калды?

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаевдин тарапташы, КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбеков аталган партиядан чыгып жатканын кечээ “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу жар салган. Анын партиядан чыкпай калганын Кадыр Атамбаев жазып чыккан. Ошондон уламбы, айтор, ал боюнча ар түрдүү кеп кетти. “Аны саналуу калган партиялаштары жалдырап алып калыптыр”,- десе, айрымдары: “жок, ал партиядан чыгып кетти, жашырып жатышат”,-деген комментарийлер социалдык тармактарда тарап жатат.

Темирлан Султанбековдун “оюну” кандай болгонун тактоо үчүн анын партиялашы Адил Турдукуловго кайрылып, жооп алдык. “Темирлан Султанбеков партиядан чыккан жок. Ал “партиядан чыгам” деп чаттарга жазып, коркутуп, ошондой кадамдарды кылды. Жыйынтыгында, партиядан чыккан жок, азамат! Эми оппозициядагы адамга коркутуулар болот да. Булар эч качан оппозицияда мурда болгон эмес да. Оппозицияда эки күн болуп, ошого чыдабай жүрүшпөйбү. Мендей болуп бийлик менен 8 жыл күрөшүп көрсүнчү, кандай болоорун?! Анда баары баатыр болуп калышмак“,- дейт Адил Турдукулов.

 

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: