Манасчы, жазуучу жана акын Сапарбек Касмамбетовдун сөөгү эртең, 21-январда “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы бүгүн, 19-январда билдирди.
Манасчы кечээ, 19-январда көз жумган. Ал 1934-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Чалай жайлоосунда жарык дүйнөгө келген. Сапарбек Касмамбетов көптөгөн чыгармалардын автору. “Эр Кошой” эпикалык чыгармасын айтып, аны өзүнчө китеп кылып чыгарган. Андан сырткары акындын “Асыл эне”, “Билерик”, “Балыкчы баяны”, “Бала Манас” чыгармалары китеп болуп басылып чыккан. “Манас” эпосунун окуялары англис тилинде баяндалган китеп “Singing The Kyrgyz Manas: Saparbek Kasmambetov’s Recitations Of Epic Poetry” деген аталышта Лондон университетинин Азия жана Африканы изилдөө институту тарабынан даярдалып жарык көргөн. Анын редакторлору Кейт Ховард, Сапарбек Касмамбетов. Китепте “Манас” эпосунун негизги окуялары кара сөз түрүндө берилип, Сапарбек Касмамбетовдун айтуусунда, CD диск түрүндө жазылып кошо тиркелген. Китеп 134 беттен турат. Китеп кыргыздардын жана жалпы эле көчмөн элдердин оозеки көркөм чыгармачылыгына кызыккан окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.
Маркумдун бир уулу, 5 кызы бар. Улуу баласы Сүйүнбек Касмамбетов Жогорку Кеңеште аппарат жетекчиси болуп иштеген. Кыздарынын улуусу Гүлнара Касмамбетова менен кичи кыздарынын бири Акчолпон Койчиева бүткүл дүйнөлүк “Би-Би-Си” радиосунун Кыргыз кызматынын продюсерлери. Айнара, Динара, Чынара аттуу кыздары дагы жогорку билимдүү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ