Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Герретт жана айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо агенттигинин директору Мирслав Аманкулов Таластан алынып келген ак илбирстин абалы менен таанышты. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы бүгүн, 20-январь күнү билдирди.
Элчи Чарльз Гарретт М.Амакуловго каркордук үчүн ыраазычылык билдирип, илбирстин мындан аркы дарылануусуна жардам көрсөтөрүн билдирди.
“Азыркы учурда ак илбирстин абалы жакшырууда. Анын абалы туруктуу. Өз алдынча тамактанып, эт жеп, суу ичип, жумшак сөөктөрдү кемирип калды. Ак илбирс дайыма ветврачтардын көзөмөлүндө” – деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, өткөн апта 9-январь күнү Таластын Көк-Ой айылынын тургундары башына ок жеп, айылга кирип келген илбирсти кармашып, аны адистерге өткөрүп беришкен. Эртеси күнү аны Бишкекке алып келип, ветврачтар рентгенге тартканда анын башында чачма мылтыктан атылган 70тен ашык бытыра ок бар экендиги аныкталган. Азыркы учурда илбирсти аткандарды издөө иштери жүрүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ