Menu

Видео – Жанар Акаев Жеңиш Разаковдон бүгүнтөн калбай элден кечирим суроосун талап кылды. Эмнеге?

Бөлүшүү:

“Вице-премьер-миниср Жеңиш Разаков бүгүндөн калбай элден кечирим сураш керек. Анткени ал кечээ ЖКнын эл аралык иштер, коргоонуу жана коопсуздук боюнча комитетинде “чек арага жардам бергиле”, “тактап бергиле” деп чыккан элди “акчага чыккан” деп атады. Бул – элди мазактоо. Жеңиш Разаков ошол сөзүнө жооп бериши керек” – деди бүгүн, 22-январь күнү ЖКнын кезектеги жыйынында эркин депутат Жанар Акаев.

“Баткенден келип, өкмөткө талабын коюп, көйгөйдү айтып жатса, акчага чогулгандар деп атады. Бул абдан чоң ката. Разаков ошол сөзү үчүн кызматын тапшырыш керек же бүгүнтөн калбай элден кечирим сурашы керек” – деди.

Ошондой эле депутат камакта жаткан Көк-Таш айылынын эки тургунун бошотууну күч органдарынан талап кылды.

“Биз өзүбүздүн элибиз менен, чыгаан балдарыбыз менен күрөшпөшүбүз керек” – деп жыйынтыктады.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 21-январда комитеттин отурумунда Жеңиш Разаков  Бишкекте митинг акчага уюштурулган деп айткан.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: