Menu

Видео – Алмазбек Орозалиев, комендант: “Бишкекте такси кызматынын жана сулуулук салондорунун кызматкерлери санитардык-карантиндик нормаларды сактабай жатышат”

Бөлүшүү:

Такси кызматынын, сулуулук салондорунун кызматкерлери санитардык эрежени сактабай жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди. 

“Такси кызматынын айдоочулары медициналык бет каптарды кийбейт, уруксат кагаздары, патенттери жок иштеп жүрүшөт. Чачтарачтар жана сулуулук салондорунда иштегендер да бет каптары жок иштеп жатышат. Ошондуктан, ишканалардын башчыларына, жеке ишкерлерге кайрылып, санитардык-карантиндик нормаларды сактоого чакырам ” – деп билдирди комендант.

Санитардык-эпидемиологиялык нормаларды бузгандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактар ​​жоопко тартылат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: