Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Бекбоев баңгизат менен кармалып, кайра кое берилгенин Мелис Аспеков өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасы аркулуу билдирип, төмөндөгүдөй пост калтырды.
“Бишкектеги Ленин райондук ИИБнин кызматкерлери экинчи жолу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бекбоев Бактыбек Сагыналиевичти ушул жылдын 18-январында баңгизат менен кармашып, кайра кое беришиптир. Мындай маалыматты мага өздүк булактар билдирди. Бекбоев биринчи жолу 2010-жылы 15-январда, өзүнүн үйүнүн алдынан ИИМ аркылуу 1,450 грамм героин менен кармалып, 5 жылга кесилген. Жалпы жолунан алганда, ал 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылган. Бирок, ал анын бир жылын гана абакта өтөгөн, амнистиянын шары менен чыгып кеткен эле. Мына дагы кайрадан быйыл баңгизат менен кармалып, кайра кое берилди“,-деп жазды М.Аспеков.
Бул маалымат боюнча ИИМге кайрылдык, аны Медет Асанакунов тактап жатат. Алардан келген жоопту дагы сайтка жарыялайбыз.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ