Дүйнөлүк Рекорддор Академиясы Түркмөнстан борборунун аэропортунан алюминий менен үч өлчөмдө төшөлгөн дүйнөдөгү эң зор учак аянтын каттады.
Канаттарын жайган шумкар түспөлүндө салынган Ашхабад аэропорту 2016-жылдын сентябрында дүйнөдөгү эң көлөмдүү 705 чарчы метрди ээлеген килем оймосу үчүн Гиннесс китебине кирген.
Ошондой эле коопсуздук боюнча европалык агенттик былтыр октябрда мониторинг жүргүзүп, бул эл аралык аэропортту эң үлгүлүү комплекс катары тааныган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ