Menu

Сугат айдоо жерлерине турак үйлөрүн куруп алган жана жеке менчик укугуна мамлекеттик актылары бар жарандардын маселелерин чечүүгө багытталган Мыйзам долбоору парламенттин кароосуна жөнөтүлдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын «Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына («Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине,) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-июнундагы №297 токтому менен жактырылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлдү.

Аталган Мыйзам долбоору 2009-жылдан 2018-жылга чейин сугат айдоо жерлерине турак үйлөрүн куруп алган жана айыл чарба багытындагы жер үлүшүнүн жеке менчик укугуна мамлекеттик актылары бар жарандардын маселелерин чечүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-январындагы №12-б буйругу менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жыйынтыгында 1711,80 га жер аныкталган, бул 11 300 үй-бүлөнүн социалдык маселелерин чечүүгө шарт түзөт.

Жарандар жерлерин мыйзамдаштырган соң алардын балдарды бала бакчага, мектепке берүү маселелери чечилет жана өздөрүнүн туруктуу жашаган дареги аныкталат. Жыйынтыгында жер ээлери жарандык укукка ээ болушат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: