Menu

Европа Бирлиги: Жаңы премьер-министрди дайындоодогу мүмкүн болгон процедуралык мыйзам бузууларга байланыштуу Кыргызстандын жарандарынын жана эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусу такталышы керек

Бөлүшүү:

Европа Бирлиги Кыргызстандын БШКнын акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө чечимине көңүлүн бурду. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, Европа Бирлиги Кыргызстандын жарандарынын жана эл аралык коомчулуктун жаңы премьер-министрди дайындоодогу процессуалдык мыйзам бузууларга байланыштуу тынчсыздануусун белгилейт. Ушул кооптонууларды жана суроолорду такташ керек.

ЕБ Кыргызстандын мыйзамдуу бийлик органдары менен иштешүүгө берилгендигин сактайт жана учурдагы кризисти бардык күчтөр менен инклюзивдүү диалог аркылуу чечүү жана жаңы, эркин, акыйкат парламенттик шайлоону эл аралык стандарттарга ылайык жана ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун көзөмөл астында уюштуруу үчүн шарттарды түзүү үчүн Президенттин саясий процесстеги негизги ролун баса белгилейт.

“Биз кыргыз элинин эч кандай кийлигишүүсүз жана кыянаттык менен добуш бербөөгө болгон демократиялык укугун толугу менен колдойбуз” – деп айтыдат маалыматта.

Жаңы шайлоо уюштурулганга чейин бардык партияларды канааттандырган консенсуска жетишүү үчүн бардык саясий күчтөрдүн диалогго барышы жана Конституциянын чегинде аракеттениши шарт. Ушул максатта ЕБ ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу менен тыгыз кызматташууга үндөйт. Ошол эле учурда, Кыргызстандын бийлиги мыйзамдуулукту жана негизги эркиндиктерди, анын ичинде сөз эркиндигин жана тынч чогулуштарды сыйлашы керек.

ЕБ БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриштин Кыргыз Республикасындагы кырдаал жана БУУнун өлкөдөгү аракеттери жөнүндө акыркы билдирүүсүн толугу менен колдойт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: