2019-жылдын жайында ЦУМдун жанынан чет элдикти көмөлөтө муштап, өлтүрүп алган жигит камакка алынган эле. Ал эми каза болгон чет элдик Нигериядан келген 38 жаштагы мугалим Тижжани Али Абубакар болуп чыккан. Ал Кыргызстанда 20 жылдай жашап, Cambridge School мектебинин директору болгон.
Кыргыз жигити менен чет элдиктин ортосунда телефондун видеосуна тартуу боюнча чатак чыккан. Айтыша кеткенде жигит мугалимди бет талаштыра коюп,тигил жыгылганда, асфальтка башы менен тийген. Мунун бардыгы соода борборундагы видеокөзөмөлгө түшүп калган.
Эми айыпталып жаткан К.Э.ге сот өкүмү чыгып, 7,5 жылга эркинен ажыратылып, 90 миң айып пул төлөө жазасы берилди. Бул тууралуу 23-январда Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ