Кечээ, 24-январда “Азаттык” радиосуна КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков чакырылып, маек бериптир. Ага угармандардын бирөө телефон чалып, “Белизгейт” боюнча жалган маалыматты КТРКдан таратканын эсине салат. Карыпбеков ал маалыматты КТРКга УКМК бергенин, аны таратканын айтып, андагы кылганын танбай, мойнуна алат.
Эске сала кетсек, 2016-жылы, андагы УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге “2012-жылы «Альфа Телекомдун» мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнү боюнча отчет берип, андагы депутаттар Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовдун атын атаган. Ал маалымат КТРКдан байма-бай берилип турган, ал кезде КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков болчу. «Белизгейт» чатагы боюнча жалган документтерди жарыялаганы үчүн А.Сегизбаев да, аны тараткан И.Карыпбеков да жоопкерчиликке тартылбай келет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ