Menu

Бүгүн Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин туулган күнү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-январь күнү Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин туулган күнү.

Аны өлкө башчылардын арасынан Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко эң алгачкылардан болуп куттуктады.

Владимир Зеленский 1978-жылы 25-январда Кривой Рог шаарында төрөлгөн. Ал 4 жыл ата-энеси менен Моңголияда жашап (атасынын жумушуна байланыштуу), 1-классты Эрдэнэт шаарында окуп бүтүргөн. Андан кийин алар Кривой Рогго кайтып келип, №95 гимназиясында окуусун англис тилин тереңдетип окуу менен уланткан.

Мектепти аяктагандан кийин Киев улуттук экономика университетинин Кривой Рог экономикалык институтуна тапшырып, юридикалык билим алган.  1997-жылы “95-й квартал” командасын түзгөн.

2019-жылдын 31-мартта өткөн президенттик шайлоодо Зеленский катышып,  жалпы добуштардын 30,4 пайызын, Порошенко болсо 17,8 пайызын алып, экинчи турга өткөн.

Владимир Зеленский  2019-жылдын 21-апрелинде өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда Украинаны соңку беш жылдан бери башкарып келген Петр Порошенкону жеңип чыккан. Ал жалпы добуштардын 73,22 пайызын, атаандашы 24,45 пайызын алган.

Эсиңиздерге сала кетсе, Украинадагы президенттик шайлоого 44 талапкер катышкан.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: