Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап, атып түшүрүү иш-чаралары башталды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы бүгүн, 27-январда билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология боюнча Агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош (132-137, 198-255-чакырым) унаа жолунда 26-январдан 31-январга чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап, атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Кечээ, 26-январда кар көчкүлөрүн мажбурлап, атып түшүрүү иш-чараларын уюштуруу максатында, КР КК ГШнын артиллериялык эсеби саат 13:20да Москва районунун Беловодск айылынан чыгышып, саат 20:10до Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында жайгашкан “Итагар” станциясына жетип түнөкө калышкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ