Саламаттык сактоо министрлигинде коронавирус боюнча ыкчам байланыш кызматы ачылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 27-январь күнү билдирди.
“Министрликкее караштуу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин 0312 32-30-55; 0312 32-32-02; 0550 03-36-07 телефон номерлерине байланышып дүйнө жүзүндөгү коронавирус оорусунун кырдаалы боюнча маалыматты, ошондой эле оорунун алдын алуу чаралары жана биринчи белгилери тууралуу биле аласыздар” – деп айтылат маалыматта.
Муну менен бирге министрлик дене таптын көтөрүлүшү, жөтөлүү жана дем алуунун кыйындашы сыяктуу белгилер байкалган болсо тезинен 103 номерине байланышууга же дарыгерге кайрылууга чакырат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ