Чүйдө классташынын өлүмүнө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 24-январда ооруканадан денесинен жаракат алган бейтап тууралуу маалымат милицияга келип түшкөн. Милиция ооруканага барып, жабырлануучунун сабалганын аныктаган. Маевка айылындагы уруштан улам сабалган факт катталып, материалдар Аламүдүн РИИБге жиберилген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, жабырлануучунун өздүгү аныкталган, 34 жаштагы И.А. экени тастыкталган. Тилекке каршы, ал ооруканада өзүнө келбей, көз жумган. Анын өлүмүнө шектелип маркумдун классташы 33 жаштагы К.У. аттуу адам кармалып, ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Болжолдуу маалыматка караганда, классташтар ичип отуруп, чыр чыккан. Маевка айылындагы машина жуучу жайдын жанынан маркумду классташы аеосуз сабаган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ