Орусияда Кыргызстандын 10 чакты жараны полиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, окуя 24-январда болгон. Текшерүүдөн кийин кармалгандардын көпчүлүгү бошотулган. Калгандарына карата чечимди жергиликтүү сот кабыл алат. Аларга “Кыргызстандыктар миграция мыйзамын бузган” деген айып тагылган. Учурда Кыргызстан элчилигинин өкүлдөрү кармалгандарды коргоп, чыгаруу аракеттерин көрүүдө. Аны менен катар элчиликтин өкүлдөрү Орусияга жөнөп жаткан кыргызстандыктарды документтерди каттоодо ортомчулардан алыс болууга чакырды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ