Белгилүү кинорежиссер Актан Арым Кубат «Эсимде» аттуу жаңы киносуна кастинг жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Кыргызстандын кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, аталган киного роль аткарганга эки кыргыз аял, үч эркек киши (кыргыз, татар же орус) жана 5 жаштан 7 жашка чейинки кыргыз кыз керек. Алар кыргыз тилин мыкты билиши зарыл. Тажрыйбалуулугу талап кылынбайт, аткаруу чеберчилиги күчтүү болсо эле болду. Кастингге катышууну каалагандар сүрөттөрүн, өзү жөнүндө маалыматты [email protected] же WhatsАpp/Telegram 0553594868 номуруна жөнөтсө болот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ