Menu

Видео – Адиль Турдукулов Равшан Жээнбековдун камалышы боюнча эмнелерди айтты?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-январь күнү Равшан Жээнбековдун авдокаты жана анын тарапташтары басма сөз жыйын өткөрүштү.

Жыйынга катышкан Адиль мырзага кайрылып, Равшан Жээнбековдун камалышы тууралуу кандай ойдо экенин билүүгө аракет кылдык.

“Равшан Жээнбеков демократиялык багыттагы көрүнүктүү саясатчы. Ал эч убакта радикалдык кадамдарга барып, экстремисттик көз карашын билдирген эмес, билдирбейт дагы болчу. Ал ар дайым “бийлик менен күрөшүү мыйзам жолунда гана болушу керек” деп айтып келген. Ал Кой-Таш окуясында ортомчунун, медиатордун ролун аткарган. Эки тараптын ортосунда чыр-чатак чыкпасын, эч бир адам жабыркабасын деген ниетте сүйлөшүүлөрдүн негизинде жаңжалды басаңдатуу аракетин көргөн” – деп билдирди коомдук ишмер Адиль Турдукулов.

Муну менен катар Адиль мырза Равшан Жээнбековдун камалышын быйыл боло турган парламенттик шайлоого байланыштырды. Анын айтымында, Равшан Жээнбеков өңдүү саясатчылар шайлоодо бийликтин партиясын өткөрбөөгө салымын кошуп келген. Р.Жээнбековдун камалышы менен башка саясатчыларды дагы коркутуу амалы жүрүп жатат.

Мындан сырткары, Адиль мырза: “Равшан Жээнбеков бир гана жаңы кылмыш кодексине киргизилген “Иликтөө органдары менен кызматташуу” беренесинин алкагында гана камалып жатат. Бул сөзсүз түрдө туура эмес. Кылмышка байланышканы боюнча эч кандай фактылар жок” – деп баса белгиледи.

Эсиңиздерге сала кетсек, Равшан Жээнбеков былтыр, 12-декабрда ИИМге суракка чакырылып, ага Кой-Таштагы окуялар боюнча “Барымтага алуу” жана “Массалык башаламандыкты уюштуруу”, «Бийликти күч менен басып алуу» беренелеринин негизинде камакка алынган. 14-декабрда, Биринчи Май райондук сотунда Равшан Жээнбековдун  баш коргоо чарасы каралып, 2020-жылдын 9-февралына чейин СИЗО-1де кармоо чечимин чыгарган.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: