Menu

Кыргызстандан Грузияга темир жолу аркылуу мазутту экспорттоо башталды

Бөлүшүү:

Кыргызстандан Грузияга темир жолу аркылуу мазутту экспорттоо башталды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.

2019-жылдын декабрь айында Ташкент шаарында Азербайжан, Грузия, Кыргызстан, Туркменистан жана Өзбекстан темир жол башчыларынын биринчи жолугушуусу болуп өткөн.

Тараптар эл аралык мультимодалдык маршруттарды өнүктүрүү, контейнердик поездерди тоскоолдуксуз кыска убакыттын ичинде өткөрүү жана бирдиктүү тарифтерди колдонуу маселелери боюнча макулдашууларга жетишишти. Бул Борбордук Азия жана Кавказ мамлекеттери ошондой эле Европа өлкөлөрү менен Азия континенттеринде соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

Биринчи жүк ташуучу поезд Кыргызстандын Карасуу темир жол бекетинен Грузиянын Батуми темир жол бекетине 2020-жылдын 21-январында жөнөп кетти. Жүктүн көлөмү 49 цистерна мазутту түзөт. Ал эми 2020-жылдын 22-январында экинчи поезд кеткен. Жүктүн көлөмү 48 цистернага барабар. Аталган курам транзит аркылуу Өзбекстан, Туркменистан жана Азербайжандын аймагы менен 33 сааттын ичинде ийгиликтүү жеткирилген. 2020-жылдын 28-январында Карасуу темир жол бекети дагы 24 цистернаны кабыл алды.

Аталган жүктү жөнөтүүчү “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому. Ал эми экспорттолгон жүк: мазут-100 продукциясы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: