Бүгүн, 30-январь күнү Баткен облусунун аймагында 3 баллга жеткен жер титирөө болгон. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кырсык саат 16:35 чамасында болгон. Анын күчү Лейлек районунун Жаңы-Жер, Ак-Чечек айылдарында 2,5 баллга, Баткен районунун Рабат айылында, Лейлек районунун Кара-Суу, Лейлек, Коргон айылдарында 2 баллга чейин жетти.
Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ