Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында эки дарыгер мушташты. Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, милицияга аталган билдирүү 25-январда саат 10:00 чамасында түшкөн.
Эки дарыгердин талашы мушташка чейин жетип, бири экинчисин сабаган. Окуя болгон аймактык ооруканага Сокулук РИИБдин кызматкерлери барып, бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндөгү кодекстин уруп-сабоо беренеси боюнча катталган.
Ал эми оорукананын башкы дарыгери Шукрат Тажибаев окуянын чоо-жайын мындайча түшүндүрдү.
«Дарыгерлердин бири пенсия куракта, 70 жаштагы эже. Ал эми экинчиси ушул жерде башкы дарыгер болуп 30 жылдан бери эмгектенип келет. Ал 60 жаштар чамасындагы эже. Экөөнүн чыры кресло талашуудан чыкты. Биз дарыгерлердин иш бөлмөлөрүнө кресло коюп бергенбиз. 70 жаштагы эжебиз берки эженин жогунан пайдаланып, креслолорду алмаштырып алыптыр. Эртеси 60 жаштагы башкы дарыгер келип, «өзүмдүн кресломду бер» десе, тиги эже «бербейм» деп, ошондон бир аз кайым айтышуулар болуп кеткен. Сабаганга чейин жеткен эмес. Болгону бир аз жулкулдашканда компьютер жерге кулап, кресло жыгылган. 70 жаштагы эжебиз милицияга «урду» деп арыз жазып, эртеси жумушка келбей койду. Эми бул маселени карайбыз», – деди ал.
Тергөө иштеринин алкагында оорукананын жамааты суракка алынды. Учурда тергөө иштери уланып, эксперттер да иштеп жатышат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ