Кечээ, 30-январь күнү өзүнүн иш бөлмөсүндө пара алуу учурунда Чүй областынын Аламүдүн районунун сот аткаруу кызматынын бөлүмүнүн соттук аткаруучусу 1982-ж.т. “Н.Т.” кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январь күнү УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, “Н.Т.” кызматтык абалынан пайдаланып “Ч.у.Э.” аттуу КР жаранынан жол кырсыгы тууралуу өндүрүш иштерин токтотуу үчүн пара талап кылган.
Аталган сотко чейинки өндүрүш КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-б. (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кармалган адам КР УКМК Тергөө камак жайынын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыш-иштин алкагында ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ