Бишкектеги Октябрь райондук соту өзүнүн батиринен сексуалдык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүчү студия ачып, денесин көрсөтүп акча таап келген кызга карата чечим чыгарды.
2019-жылдын сентябрь айында 24 жаштагы кыз Скрябин көчөсүндөгү батиринде студия ачып, техникалык каражаттарды орнотуп, Американын жана Европанын жарандарына акчага сексуалдык кызмат көрсөткөн.
Сот жогоруда аталган кызды КРнын Жоруктар кодексинин 130-беренеси «порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды жайылтуу» боюнча кылмышка күнөөлүү деп, 30 миң сом өлчөмүндө айып салган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ