29-январда КР УКМК Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш транспорт жана архитектура университетинде жаштар арасында эл аралык диний экстремисттик уюмдардардын катарына жаштардын тартылуусуна каршы жана алдын алуу боюнча «Терроризм жана Интернет» аттуу темада студенттер арасында лекция өткөрдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 31-январь күнү билдирди.
Өткөрүлгөн лекция студенттердин жана мугалимдердин арасында зор кызыгууну жаратты.
Терроризм жана диний экстремизмге каршы күрөшүү темасына багытталган лекцияларды Республиканын башка окуу жайларында дагы өткөрүү иштери пландалды.
УКМК тарабынан бул багыттагы иштер уланат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ