Menu

Душанбе аэропорту кызматкери айлык берилбегендиктен өз жанын кыйганын четке какты

Бөлүшүү:

Душанбе аэропортунун кызматкери Шерафган Хожакулов өз жанын кыйган күндүн эртеси аба майдандын жетекчилиги анын өлүмүнө бир нече айдан бери айлык акы албаганы себеп болбогонун билдирди.

Душанбе эл аралык аэропортунун маалымат кызматы 27-октябрда Шерафган Хожакуловдун маянасы толук төлөнүп берилгенин, буга банк документтери далил боло аларын кабарлады.

Өз булактардын айтымында, аэропорттун коопсуздук кызматкери эмне себептен өз жанын кыйганы так аныктала элек, бул ишти унаа прокуратурасы тергеп жатат.

Аэропорттун маалымат кызматы Шерафган Хожакулов өзүн Калашников автоматы менен атып өлтүргөнүн билдирди.

Бул арада “Озодинин” өз булагы аэропорт кызматкери карыз маселесине байланыштуу өз жанын кыйганы айтылууда.

26-октябрда маркумдун туугандары Шерафган тогуз айдан бери айлык албагынын, жыйынтыгында батир акысын төлөй албай, кожоюну үйдөн чыгарып салганын маалымдашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: