Социалдык маанидеги, мекенди сүйүү, патриоттуулук, улуттук жана үй бүлөлүк салттарды сактоо жана өнүктүрүү, жаш муунду тарбиялоо жана жаш балдарга арналган улуттук телесериалдарды өндүрүү максатында, Т. Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы 2 телесериал тартууга сынак жарыялайт. (1 сериал 12 сериядан турат, 1 сериянын узактыгы 40 мүнөт; кыргыз тилинде). Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Катышуучулардын категориясы:
Сынакка катышуу баардык жарандар жана чыгарма уюмдары үчүн ачык.
Талаптар:
– ар бир телесериал 12 сериядан, 1 сериясы 40 мүнөттөн, кыргыз тилинде болууга тийиш;
– Форматы – Full HD, кадрдын өлчөмү 1920/1080, экран 16:9.
-1 сериалдын (12 серия) чыгымдар лимити 5 млн (беш млн.) сомго чейин.
– Мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбеген жана мурда эч жерде жарыяланбаган болуусу милдеттүү;
Телесериал 2020-жылдын 1-октябрына көрсөтүүгө даяр болушу зарыл
Керектелүүчү документтер:
– телесериалдын тритменди, жалпы концепциясы, 1 сериянын сценарийи, баардыгы 9 экземплярдан;
– катышуучу тарап тууралуу маалымат (чыгарма уюму же болбосо жаран тууралуу толук маалымат, сценарийидин авторунун билими, тажрыйбасы жана фильмографиясы);
Белгиленген документтер конвертке бекитилип, сынакка деген белгиси менен төмөндөгү дарекке жөнөтүлүшү керек.
Интеллектуалдык менчик:
Сынактын катышуучулары жиберилген сценарийге өздөрүнүн толук ав-тордук укуктары бар экендигин тастыкташат.
Сынактын баалоо критерийлери:
– Мазмундуулугу жана конкурстун темасына ылайык келиши;
-Жеткиликтүүлүгү: конкурстук материалдар жөнөкөй, максаттуу, аудито-рия үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү тил менен баяндалышы зарыл;
-Идеянын креативдүүлүгү жана оригиналдуулугу: теманы берүү формасынын өзгөчөлүгү, ошондой эле чагылдырууга болгон стандарттуу эмес мамиле болушу шарт.
– коомдук саясий мамилелердин бир беткей кызыкчылыктарына жол бе-рилбей, улуттун тарбиялык, адеп-ахлактык, патриоттук баалуулуктарына басым жасоо мамилелери эске алынат.
Сынакка келип түшкөн сценарийлер документтери менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан түзүлгөн сынактык комиссия тарабынан каралат.
Сынакты өткөрүү мөөнөттөрү:
Сынактык мезгил: 2020-жылдын 29-январынан 2020-жылдын 29-февралына саат 17:00 чейин. Кабыл алуу саат 10:00 – 17:00 чейин.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ