Menu

Токтогул, Таш-Көмүр жана Москва райондук билим берүү башчыларына сөгүш берилди

Бөлүшүү:

Чүй облусунун Москва, Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук жана Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине сөгүш берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-февраль күнү билдирди.

Атайын комиссия билим берүү мекемелерин текшерген учурда бул жетекчилер башчылыгындагы уюмдарда ишмердүүлүктү башкаруу системасы эффективдүү камсыздалбай, өнүктүрүүгө багытталган максаты, милдети жана аны ишке ашыруу жолдору коюлбай, билим берүү жаатындагы мыйзамдардын аткарылышында мыйзам бузууларга жол берилген.

Белгилей кетсек, өткөн аптада Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков бир нече райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларын кабыл алып, ар бир жетекчиге так милдеттерди койгон. Министр мындан ары жетекчилер менен бат-баттан жолугуп, аткарыла турган жана аткарылып жаткан жумуштарды талкуулап, жаңы демилгелер боюнча пикир алышып турмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: