Ички иштер министрлигинин мурдагы орун басары Курсан Асановго карата сотко чейинки өндүрүш аяганы чыкты. Бул тууралуу Башкыпрокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 4-февраль күнү билдирди.
Курсан Асановго Кылмыш кодексинин төмөнкү беренелери боюнча айып коюлууда:
– Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу;
-адамдардын тобу жана сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган кылмыштын аткаруучуларынын жана кошо катышуучуларынын жоопкерчилиги;
– Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү;
Курсан Асанов Мухаммед-Али Асановду жана ИИМдин атайын багыттагы кызматкери Пайзилда Дамирбек уулун жардамчысы катары пайдаланып, өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, буйрук берген деп шектелүүдө.
Маалыматтар боюнча, мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы – 793 197 сом.
Ошондой эле, Курсан Асанов жана анын өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кылмыш жасаганы тууралуу жалган маалыматты тараткан деп шектелүүдө.
“Курсан Асанов Кой-Таш окуясындагы далилдерди атайын жок кылган. Ал баласы жана айдоочусу менен биргеликте сүйлөшүп алып, тергөө кызматына маанилүү далилдерди ж.б. буюмдарды жаап-жашырып, аларды Атамбаевдин тарапташтарына берген” – деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда кылмыш ишин сотко жиберүү стадиясында турат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ