Menu

УКМК: Адвокат Ж. Жунусовдун провакациялык билдирүүсү – коомчулуктун оюн башка нукка буруу аракети болуп эсептелинет

Бөлүшүү:

2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болуп өткөн окуяларды изилдөө боюнча коомдук комиссиянын мүчөсү – адвокат Жамангул Жунусовдун билдирүүсү боюнча – КР УКМК төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Андагы айтылган, КР ИИМ тергөө тобунун жетекчиси Э.Ж.Аширходжаев А.Атамбаевди суракка мажбурлап алып келүү туралуу токтому КР Жазык-процесстик кодексинин 479-беренесин одоно бузгандыгы боюнча:

КР ИИМ Башкы тергөө башкармалыгынын тергөө тобунун башчысы Э.Аширходжаевдин күбө А.Атамбаевди суракка мажбурлап алып келүү тууралуу токтому Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 121-беренесинин, 35-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-п. жана 37-беренесинин 2- бөлүмүнүн 7-п. негизинде, крим төбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткон кылмыш ишин тергөөдө күбө А.Атамбаевдин себепсиз келбей койгондуна байланыштуу токтом чыгарылган. А.Атамбаевдин адвокатынын билдирүүсүн кароодо тергөөчүнүн бул иш аракеттери сот органдары тарабынан мыйзамдуу деп табылган.

Жазык-процесстик кодексинин 479-беренесине ылайык өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон президент кылмышты же жорукту жасагандыгына шектүү боюнча кармалышы жана жеке тинтүүгө алынышы мүмкүн эмес деген норма камтылган.

Бул учурда адвокат Ж.Жунусов тарабынан Жазык-процесстик кодексинин нормаларын туура эмес чечмелегендиги көрүнүп турат. Ж.Жунусовдун билдирүүсүндөгү КР Президенти С.Жээнбеков КР Конституциясын жана Жазык-процесстик кодексинин одоно бузгандыгы чындыка дал келбейт. Ошондой эле КР УКМК төрагасы О.Опумбаевдин пресс-конференцияда айтылган сөздөрүн Ж.Жунусов туура эмес нукка бургандыгы анык көрүнүп турат. Анда УКМК төрагасы пресс- конференцияда Башкы кол башчыга А.Атамбаевди мажбурлап алып келүү операциясы тууралуу маалымат берилгендиги жана бардыгы мыйзам чегинде өткөрүүнү катуу талап кылгандыгы тууралуу билдирген. Муну менен бирге алып келүүнүн мындай жолун КР УКМК жетекчилиги тарабынан тандалгандыгын О.Опумбаев бир канча жолу белгилеген.

Ж.Жунусовдун массалык башаламандык, жөнөкөй жарандарга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин денесине келтирилген зыян укук коргоо органдарынын жетекчилеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасы деген билдирүүсү, жүргүзүлгөн тергөөнүн жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш окуясы боюнча Мамлкеттик коммисиясынын чечими менен жокко чыгарылат.

Анын корутундусунда «Атамбаев бийликти күч менен алууну пландаган жана Кой-Таш окуяларына болгон жоопкерчилик толугу менен Атамбаев жана анын тарапташтарында, ал эми УКМК жана ИИМдин күч менен алып келүү иш-аракеттери келтирилген каталарга карабастан КР Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жасалган» деп айтылган.

Буга байланыштуу КР УКМК Ж.Жунусовдун билдирүүсүн коомчулукту адаштыруу, мамлекет жетекчилигинин жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн каралоо, Кой-Таш окуясын тергөө
жыйынтыгын саясатташтыруу, А.Атамбаев жана анын тарапташтарын мыйзамсыз иштерин актоо аракети деп баалайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: