“Каржы министри Кара-Суу райондагы төр айыл өкмөттү дотациядан чыгарбай, жыл сайын 37 миллион сом акча берип жатат” – деп билдирди бүгүн, 5-февраль күнү депутат Искендер Матраимов ЖКнын кезектеги жыйынында.
Депутат Кара-Суу районунан кат келгенин айтып, акимчилик каржы министрлигинен төрт айыл өкмөттү дотациядан чыгаруусун эки жылдан бери суранып келе жатканын айтты.
“Акимчилик биз өзүбүздү-өзүбүз каржылап жатабыз, бул каражатты башка региондорго бергиле десе, каржы министрлиги грант берип жатат” – деп билдирди депутат.
“Биздин программабызда тескерисинче, быйыл айыл өкмөттөрдү дотациядан чыгаруу боюнча айттык. 40тан кем эмес айылды дотациядан чыгарышыбыз керек. Айылдар дотациядан чыкса, бюджетке жакшы таасир болмок да. Мен бул маселени билбептирмин, териштирейин” – деп жооп берди өкмөт башчы.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ