Кечээ, 5-февраль күнү ЖКнын кезектеги жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ат-Башыдагы логистикалык борборду ачууда жергиликтүү тургундар каршы эместигин айтып, тескерисинче жумушка орношуу үчүн кезекте турарын билдирген.
Буга байланыштуу журналист Марат Тагаев логистикалык борбордун курулушун 15 жылдан бери күтүп келгенин айтып, Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүдөй пост жазган:
“Мына мен Ат-Башыда чоңойгон жигит катары айтайын, бул логистикалык борбордун курулушун тээ 2005-жылдардан бери эле күтүп келгенбиз. Анан курулушу башталарда жылкы теппей, жылаан чакпай каршыбыз деген топ кайдан чыга калды белгисиз. Пенсия, пособияны күтүп, светтин жеңилдигин улам-улам сурап, митингге чыга бербей, мына бул борбордо иштеш керек, 20-30 миңден айлык алып жашаш керек.
Чегарада жашоо – бул чоң мүмкүнчүлүк. Мисалы Баткендин Арка деген айылында 20 чакты заправка, ондогон дүкөндөр иштеп жатат. Таластыктар казак менен чегаралаш жайгашкандыкты унун да майын да алып, кайра алмасын, картөшкөсүн сатып максималдуу колдонуп жатат. А биз, дүйнөнүн 2-экономикасы Кытай менен чегаралаш болуп туруп 1 логистикалык борбор курдура албайбыз”.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ