Кечээ, 5-февраль күнү Бишкекте телефон уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 20-январда Ош базарынын аймагында шаар тургунунан 13 500 сом турган уюлдук телефонду белгисиз адам уурдап кеткен. Жабырлануучу милиция арыз менен кайрылган. Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы фактка шектүү катары 1984-жылы туулган И.М. аттуу жаран кармалган.
Учурда кармалган адамдын башка дагы кылмыштарга тийешеси барбы жокпу текшерилүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ