Menu

Видео – Мирлан Маматалиев: “Жарандардын жеке маалыматтары 8 миң сомго сатылат экен”

Бөлүшүү:

Соттор кеӊешинин алдындагы тартип комиссиясы коррупцияга айыпталып 12,5 жылга соттолгон, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовду эркиндикке чыгарган судьялардын жоопкерчилигин карашты.

Отурумдун жүрүшүндө Үмүт Конкубаева Бишкек шаардык сотунун судьялары Нурлан Кожомбердиевди, Адис Момуналиевди жана Алмаз Карабековду

 

Алардын айтымында, Жогорку соттун чыгарган чечими менен Насирбек Алмаматовду кайра камакка алуу максатта жашаган жерине барган кызматкерлер ордунан таппай калган. Ошондон улам, ага издөө жарыяланып, кармоо иштери жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, УКМК Насирбек Алмаматовду «автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө (ал автотранспортторду каттоодо, автомектептердин окуучулары сынак тапшырганда күнүгө 100 миң сомго чейин пара алып турган деп айыпталган – авт.) коррупциялык схема түзгөн» деп айыптап, атайын видеотасманы  жарыялаган. Ошонун негизинде ал 2018-жылдын 2-ноябрында кармалып, камалган. Анын баш коргоо чарасын Октябрь райондук соту 25-мартта карап, 12,5 жылга кескен. Бирок Бишкек шаардык соту 9-июлунда ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен аны үй камагына чыгарган. Кийин Октябрь райондук прокуратурасы Бишкек шаардык соттун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз жазган. 30-октябрда Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун чыгарган өкүмүн жокко чыгарып, Октябрь райондук сотунун жарыялаган өкүмүн күчүндө калтырган. Жогорку Соттун чечими менен Н. Алмаматов кайра камалышы керек болчу. Минтип таппай жаткандары кызык экен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: