Жума, 7-февраль күнү Бишкекте 10 500 евро өлчөмүндөгү жасалма акча каражатын сатуу аракети учурунда 1993-ж.т., А.С. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 10-февраль күнү билдирди.
Такталган боюнча, «А.С.» жасалма акча каражатын сатууну «К.Э.П.» ЖЧК акча алмаштыруучу жайынын кассири менен биргеликте ишке ашырган.
Азыркы учурда кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Бул мыйзамсыз ишке катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ