Menu

Видео – Роза Отунбаева, экс-президент: “Юрист, прокурор тарыхты изилдесе, көп нерсе чыгат экен”

Бөлүшүү:

“Бул китепти мен кечээ алдым. Китеп 800 беттен турат. Муну барактаганда эле абдан көп документтер бар экенин байкайбыз. Азимбек документтин баарын топтоп эле китеп чыгарыптыр деген ой кетет. Бирок андай эмес. Мен 800 беттин 350сүн кечээ түнү менен окуп чыктым. Юрист, прокурор тарыхка кирип, изилдесе көп нерсе чыгат экен. Менин оюмча Азимбек Бекназаровдун ушинтип китеп чыгарганы –  эрдик” – деп билдирди Роза Отунбаева бүгүн, 10-февраль күнү Азимбек Бекназаровдун китебинин ачылышында.

“Бул китепте көптөгөн документтер тиркелип, аларга анализ жасалыптыр. Менин оюмча бул баасыз анализ. Жалпы эл үчүн абдан керектүү, маанилүү китеп. Бул китеп Шайлообек Дүйшеевдин “Агымдар” китебиндей баага татыйт деп ишенем” – деп билдирди.

Роза Отунбаева Азимбек Бекназаровду куттуктап, ишине ийгилик каалап өттү.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: