Menu

УКМК: Колго жасалган жардыргычтын муляжы табылды

Бөлүшүү:

Колго жасалган жардыргычтын муляжы табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-февраль күнү билдирди.

Алардын айтымында, 9-февралда саат 7:45 чамасында Бишкек ШИИБ нөөмөт бөлүмүнө жашоочулардын биринен батирдеги чыгып жаткан катуу ызы-чуу тууралуу телефон чалуу кабыл алынган.

ИИМ кызматкерлери жерине келгенде, мас абалындагы батир ээси Р.У. жана аны менен бирге турган
Б.Ч. ортосунда уруш чыкканы аныкталды. Батирди тинтүү убагында саат орнотулган механизми бар, колго жасалган жардыргычка окшогон куту табылган.

УКМК кызматкерлери менен биргеликте кутуну кароодо ал муляж экендиги табылды. Р.У. айтымында муляж тааныштарын тамашага салуу максатында жасаган.

Тинтүүнүн жыйынтыгында башка тыйуу салынган заттар табылган эмес. Муляж табылган факт боюнча Бишкек шаардык ИИБ тарабынан материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренесинин 2-б. (Атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жана анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталды.

Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: