Бүгүн, 12-февраль күнү депутат Абдимажит Юсуров кыргыз элине Кордай районундагы Масанчи айылындагы жаңжалда казакстандыктарга колдоо көрсөткөн кыргыз элине ыраазычылык билдирди.
“Барыбызга белгилүү болгондой 7-февраль түнү Кордай районунда массалык башалмандык болду. Жаңжал убагында мамлекеттик чер араны миңдеген адамдар өтүп келди. Анын көпчүлүгү жаш балдар, энелер жана кары-картаңдар. Буга байланыштуу президент Сооронбай Шариповичке, чек ара кызматына, ИИМ, Чүй облусунун жана Ысык-Ата районунун администрациясына, Токмок шаарынын мэриясына, аталган райондордун айыл өкмөттөрүнө, кыргыз элине, өзгөчө Чүй облусунун тургундары ыраазычылык билдирем” – деди депутат.
Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 7-февралда Жамбыл облусундагы Кордай районундагы Масанчи айылында казактар менен дунгандардын ортосунда жаңжыл чыккан. Анда ондогон үйлөр өрттөнүп, ок атышуулардын үндөрү угулган. Жаңжалдын кесепетинен 11 адам каза болуп, 40 адам жарадар болуп, 50 жаран кармалган. Жогоруда аталган окуя боюнча 25 кылмыш иши козголгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ