“Кыргызстанда жети дубан бар. Жети дубандын эли жети тилде сүйлөй баштады” – деп билдирди депутат Сайдулла Нышанов бүгүн, 13-февраль күнү ЖКнын кезектеги жыйынында.
Депутатка илимдин докторлору, улуу адамдар кайрылып, жети дубандын эли жети тилде сүйлөй баштаганын айтышып, тынчсызданышкан.
“Биз кыргыз тилин сакташ үчүн биринчи Жогорку Кеңештин трибунасынан бир тилде сүйлөсөк. Себеби жети дубандан келген адистерби, жетекчилерби, башкалар ар кимиси өздөрүнүн диалектисинде сүйлөсө, кыргыз тилине чоң зыян келтирилет. Керек болсо учурашканды билбейбиз. Улуттук телевидение, радиолордо дагы диалектилер менен сүйлөй баштайт. Ошондуктан мыйзам чегинде бардык кыргызстандыктар жумушта, жыйындарда ж.б. бир тилде сүйлөгөнгө алып келсек. Кеч боло электе ушул маселени чечиш керек” – деди эл өкүлү.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ