“Бишкектеги аялдамалар автобустарга жана маршруткаларга болуп экиге бөлүнөт” – деп билдирди вице-мэр Мирлан Амантуров бүгүн, 14-февралда мэриянын кеңешмесинде.
Анын айтымында, март айында мэрия аялдамаларды кайра орнотуу иштерин баштайт. Аялдамалар экиге бөлүнүп, жашыл өң менен белгиленген аянтта автобустар, ал эми сары менен чектелген жерде маршруткалар токтойт. Анын айтымында аялдаманын 80% автобустрага бөлүнөт.
Вице-мэр белгилегендей, мындай аракеттер менен аялдамалардагы башаламандыктар жөнгө салынат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ