Кечээ, 17-февралда 23:50 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Коо–Чаты айылынын Сагындык атындагы орто мектептен өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 18-февралда билдирди.
Алардын айтымында, өрттүн кесепетинен аянты болжол менен 500 чарчы метр мектеп толугу менен күйгөн. Каза болгон жана жабыркаган адамдар жок.
“Өрттү өчүрүүгө ӨКМнен 1 бөлүм жана авариялык куткаруу унаасы менен 10 куткаруучу тартылган.
Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 07:45те чектөөгө алынып, саат 07:55те толук өчүрүлгөн” – деп айтылат маалыматта.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ