Menu

Эмил Абдыкадыров, инвестор: “Элибиздин жана өлкөбүздүн тынчтыгын баарынан жогору коюп, Ат-Башыдагы долбоорду токтотууну чечтик”

Бөлүшүү:

Инвестор Эмил Абдыкадыров элге кайрылуу жасады. Анда ал Ат-Башы районундагы логистикалык борбордун курулушу ишке ашканда экономиканын өсүшүнө чоң салым кошулуп, жумушсуздук азайып, элдин жашоо-шарты жакшырмагын айтты. Ал курулушка коомчулуктун бир катмары каршы чыккандыктан, өлкөдөгү стабилдүүлүктү баарынан жогору коюп, аталган борбордун курулушун токтотуу чечими кабыл алынганын айткан.

Төмөндө Эмил Абдыкадыровдун кайрылуусун өзгөртүүсүз беребиз:

“Биз эң оболу өлкөбүздүн экономикасынын өсүп-өнүгүшүнө жана элибиздин бакубат жашоосун каалап Ат-Башы районуна заманбап логистикалык борборду курууга белсенгенбиз. Буга чейин айтып келгенибиздей эле ушул логистикалык борбордун курулушу ишке ашып калганда, өлкө экономикасын көтөрүүгө олуттуу салым менен бирге, учурдун эң көйгөйлүү маселелеринин бири болгон калктын жумушсуздук маселеси да натыйжалуу чечилип, алыскы аймактын элинин жашоо-шарты жакшырмак. Тилекке каршы, коомчулуктун бир катмары жана жергиликтүү элдин бир бөлүгү аталган ири инвестициялык долбоорго каршы чыгышып, биздин изги тилегибиз ишке ашпай турган болду. Албетте абдан өкүнүчтүү. Анткен менен биз баштаган бул долбоорду өлкөбүздүн эртеңине, экономикабызга кайдыгер карабаган элибиздин бир топ кадыр-барктуу аксакалдары, келечекке заманбап көз карашы бар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле коомчулуктун калдайган бир бөлүгү колдоого алышып, жакшы ой-тилектери менен ортоктош болуп келди. Аларга биз чоң ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле долбоорду ишке ашырууга ынтызар болгон кыргыз өкмөтүнө да алкыш айтабыз. Андыктан коомубуздагы эки ача пикирлерди жана тынчсызданууларды эске алып, элибиздин жана өлкөбүздүн тынчтыгын баарынан жогору коюп, аталган долбоорду токтотууну туура көрдүк”.

Эсңиздерге сала кетсек, Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылдык аймагында индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу үчүн 200 га жер бөлүнгөн.

Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта салынуучу логистикалык борбор салынмак, ага инвестор кытайлык ишкер Лю Индин болмок, анын Кыргызстандагы өнөктөшү, ишкер Эмилбек Абдыкадыров, бизнесмен Аскар Салымбеков. Алар Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, эл арасында тараган ушак болбогон кептер экендигин айтып, элди түшүнүүгө чакырышкан.

Күн мурун, 17-февралда Ат-Башы районунда жергиликтүү эл чогулуп, логистикалык борбордун курулушуна каршы чыгышкан. Алар кабыл алган резолюциянын талаптарын айтып, анын аткарылышын талап кылышкан.

“Ат-Башы кыргыз-кытай соода аймагы” компаниясы индустриалдык-соода-логистикалык борбор куруу келишими жокко чыгарган.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: