Кыргызстанда эмнегедир улутубуздун учун узарткан, намысыбызды бийиктеткен баалуулуктарыбызды алкоголдук ичимдиктердин бетине чаптаганды өнөкөткө айлантып алдык. “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Кыргызстан” деген сыяктуу ичимдиктер бар. Алардын катарын толуктаган дагы бир “Көк-Бөрү” аталыштагы арактын түрү пайда болду. Бул коомчулукту катуу ойготуп, “жеткен жерине жетишти” дегенчелик сындап, бул арактын ээлерин таап жоопко тартуу керектигин көтөрүп жатышат. “Кыргыздын оюну, кыргыздын жүзү деп ата-бабаларыбыз байыртадан бери ойноп, өнүктүрүп келе жаткан болсо, бүгүнкү күнү кээ бир адамдар, арам сууга алданып, арактын бетине кыргыздын улуттук оюну болгон Көк-Бөрүнү чыгарып жатканы бизди өкүндүрөт. Бул биз үчүн трагедия болуш керек. Келгиле туугандар, чогулуп ушул фирмага штраф салдыралы. Намыстуу эр азаматтар, мыйзам билгендер, юристтер, адвокаттар болсо биригели” – дейт ал билдирүүдө. Туура. Чындап эле өз ар-намысыбызды ушундай жаман деген нерселерге, болгондо да “шайтан” суусунун бетине чаптап койсок, алардын улуулук касиети кайда кетет? Мындай нааразычылыктар буга чейин да болуп келген, бирок тийиштүү тараптар такыр эле көңүл бурбай келет.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ