Menu

Каныбек Иманалиев, ЖКнын депутаты: “Тажик генералынын билдирүүсү Эмомали Рахмондун позициясына каршы чыгып жатат”

Бөлүшүү:

“Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувоновдун билдирүүсүн чагымчылдык деп эсептейм. Анын айтканы чындыкка дал келбейт ” – деди депутат Каныбек Иманалиев бүгүн, 18-февралда ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында.

Депутат генералдын эки өлкөнүн алакасына доо кетире турган билдирүүсүнө байланыштуу граждандык согуштан кийин Тажикстандын президенти Эмамоли Рахмондун кыргыз элине болгон кайрылуусун окуп берди.

“Тажик эли граждандык согуш учурунда кыргыз эли тарабынан берилген жардамды эч качан унутпайт. Миңдеген жарандарыбыз Тажикстандын чыгып кетүүгө аргасыз болуп, Кыргызстандан түнөк табышкан. Кыргыз элинин меймандостугун ар дайым эстеп жүрөбүз” – деп айтылат Тажикстандын президентинин кайрылуусунда.

“Генералдын билдирүүсү Тажикстандын президентинин позициясына каршы чыгып жатат. Ал көчө саясатчысы эмес, НПОнун өкүлү эмес. Ал – генерал. Тажик бийлиги генерал Абдулло Навжувоновго карата тиешелүү чараларды көрөт деп үмүттөнөбүз” – деп билдирди.

Мындан сырткары депутат тышкы иштер министрлигине генералды нон грата персонасы деп жарыялоого тапшырма берүүнү сунуштап, комитеттин мүчөлөрүнө сунушту колдоп берүүнү суранды.

“Эгерде кимдир бирөө биздин өлкөнү мазактаса, биз дагы ошондой жооп беришибиз керек” – деп кошумчалады Каныбек Иманалиев.

Эсиңиздерге сала кетсек, 12-февралда Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматына жаңы дайындалган генерал-майор Абдулло Навжувонов биринчи пресс-конференциясында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактар Согдий облусунун укук коргоочулары үчүн негизги көйгөй экенин айткан. Абдулло Навжувонов чек ара жаңжалдагы боюнча 16 кылмыш иши козголуп, Кыргызстандын 27 жаранына издөө жарыяланганын айткан.

“Эгерде тарыхты карап чыксак, Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес. Менин ата-бабаларым кыргызарды алып, аларга жер берген. Бүгүнкү күндө бул биз үчүн көйгөй болуп калды” – деп билдирген генерал.

Тажикстандын билдирүүсүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү четке кагып, бул аракетти элди козутуу үчүн жасалган чагымчылдык катары баалаган.

Ал эми КРнын ТИМи Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода чакырып, генералдын чек ара тууралуу билдирүүсүнө тынчсыздануусун билдирген.

Кыргыз тарап алдыда мындай окуялар кайталанбашы үчүн Душанбеден расмий түрдө жооп күтүп жатканы айтылган.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: