Menu

Абулгазиевге таянган Абдыжапаровдун амбициясы ашынганда

Бөлүшүү:

Коомубузда ар түркүн көрүнүштөр кездешет. Кадимки «Маугли» мультфильмин баарыбыз эле көрүп чоңойбодукпу. Мына ушул чыгарманын автору атактуу англиялык жазуучу Р. Киплинг «Мауглисин» жазып атканда анын каармандары Азиянын бир бурчундагы Кыр­гызстан деген өлкөдөн кезигип калаарын ойлобосо да керек. Билесиңер, «Мауглиде» Шерхан деген каарман бар, терс өңүттө. Анан ар дайым анын жанында бир чөө жүрөт. Шерханга таянып алып быдылдап, же Шерханды көкүтүп. Мындайлар коомубузда жок эмес экен. Ырас, кызмат деген адамды өзгөртөөрүн айтып да келебиз, күбө болуп да келебиз. Эсиңиздердеби, баягы 4 000 (төрт миң) сом пенсияга бир ай жашаса болот деп айтып алып жамы журтка таанымал болгон Социалдык фонддун төрагасы бар эмес беле, Тенизбек Абжапаров деген. Төрага болгонуна бир жыл боло элек бул Абжапаров учурда төрөпейил каада күтүп, кол алдындагы кызматкерлерге адамча мамиле жасабай опурулуп-жапырылып, Теңирин тааныбай тескериленип турганын айтып арызданышкандар арбып барат. «Артын такаганы» биринчи вице-премер-министр Мукан Абулгазиев экени анык эмеспи. Таанышым күчтүү, демек таңкамын деген түркөй түшүнүккө кептелип алган бул эргул коомдо ар качан «мауглилер» болоорун унуткан го…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: