Menu

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өз арызынын негизинде кызматтан кетти

Бөлүшүү:
Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өз арызынын негизинде кызматтан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Упел Парханова арызды жергиликтүү кеңештин депутаттарына тааныштырган.
Ал эми вице-мэр Нуртилек Орозбаев убактылуу мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэринин кеңсесин “Республика” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жоошбек Коеналиев ээлеп алган. Кара-Суу районунда Райымбек Матраимовдун бир тууганы, аким Тилекбек Матраимов кызматтан кеткен. Ал эми Ош шаарында жергиликтүү депутаттар шаар мэри Таалайбек Сарыбашовго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы төрагасы алмашып, жаңы жетекчи Алтынбек Жумагулов болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: