Menu

Марлен Маматалиев: “Автоматташтырылган таразаларды орнотуп, жүк ташуу агымына көзөмөлдү күчөтүү зарыл”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-февраль күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “КРнын айрым мыйзам актыларына, Бузуулар жөнүндөгү” кодексине жана “Автомобиль жолдору жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилердин бири депутат Марлен Маматалиев автомобиль жолдоруна байланыштуу бир топ маселени көтөрүп, презентация жасады. Ал автоматташтырылган таразаларды орнотуп, жүк ташуу агымына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

“Биз жолдорду сактап калуу үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Мисалы, Бишкек – Ош жолу салынып бүтө элек, бирок курулган аймактагы жолдорду бузуп алдык. Ал эмне үчүн? Биринчиден жолдордук курууда анын курулуш сапаты сөзсүз каралат. Бирок, ошол эле учурда жүк ташуучу унаалар нормадан ашык жүк ташыгандыктан жолдор бузулуп жатат. Керек болсо оор жүк ташыган унаалар тараза көзөмөлүнөн өтпөй кеткен учурлар дагы катталат. Мен жерине барып өзүм күбө болдум” – деди депутат.

“Эгерде айдоочу нормадан ашык жүктү ташып бара жаткандыгы анык болсо, кайрылып ашык болгон тонналарды төкпөсө анда ага айып салынат. Физикалык жактар үчүн айыптын баасы 17 миң сом, ал эми юридикалык жакка 55 миң сом болсун деп жатабыз” – деди эл өкүлү.

Анын айтымы боюнча ашыкча жүк ташыган транспоттук каражаттардын айып пулдары “бактылуу каттар” аркылуу айдоочунун же фирманын дарегине жеткирлип турат.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: